• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Салык кызматында башкармалыктын башчысы Молдобеков пневмониядан каза болду

8 Баш оона 2020 11:17 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги Молдобеков Майрамбек Сакинович 52 жаш курагында пневмония илдетинен улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

1992-1993-жылдары Фрунзе тамеки фабрикасында контролер болуп, ал эми 1996-1999-жылдары КР ИИМ катарында кызмат өтөгөн. Андан кийинки эки жылда Бишкек шаардык Биринчи Май районунун калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2001-2008-ж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын көрктөндүрүү комбинатынын начальниги болгон.

2009-2012-жылдары Октябрь району боюнча салык органынын башчысынын орун басары, андан соң Ысык-Көл облусунун губернаторунун жардамчысы болуп бир жыл эмгектенген.

Каракол шаары (2012-2018), Жайыл району (2018), Свердлов району (2018-2019) боюнча салык органынын жетекчиси, салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары (2019) болгон.

2019-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеген.

Майрамбек Молдобековдун артында бир кызы жана эки уулу калды.

Количество просмотров: 486