• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салют атылбайт, жаңы жасалгалар болбойт… Жаңы жылга карата дагы кандай үнөмдөө болот?

9 Жетинин айы 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Жаңы жылдык салют атылбайт. Мындай чечим мэриянын жамаатынын Жаңы жылдык жасалгаларды жана шаардын жасалгаларын талкуулоодо кабыл алынганын вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

“Мэриянын кызматкерлери жана мэр Балбак Түлөбаев менен биргеликте  Жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардык көчөлөрдү жана башкы аянтты кооздоо үчүн, колдонууга келтирилген жана көрүнүктүү көрүнүштөрдүн бардыгы колдонулат“,- дейт.Үнөмдөлгөн акчанын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белектерге жумшалат. Шаар тургундары менен биргеликте өзгөчө көңүл бурууга жана колдоого муктаж болгондордун бардыгын куттуктоону пландап жатабыз, эгерде мындай үй-бүлөлөргө, же турмуштук оор кырдаалга туш болгон жалгыз бой энелерге Аяз ата болууну кааласаңыз, биз сиздер менен биргеликте жакшы нерселерди жасай алабыз, биз байланыштабыз!”,- деп кайрылды вице-мэр.

Белгилей кетсек, өткөн жылы алты мүнөткө созулган салют аттыруу аземи болгон. Мэрия ал үчүн 800 000 сом каражат сарптаган эле.

Количество просмотров: 180