Самарканд облусундагы Акдарыя районунун тургуну аялын жана беш айлык баласын өлтүрүп, андан соң өзү асынып алган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя жөнүндө облустук ички иштер башкармалыгына райондук тез жардам кызматы өткөн жылдын 24-декабрында түнкү саат 12ге жакын кабарлаган. Бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүнүн сөөгүн биринчилерден болуп алардын үйүнө барган жергиликтүү тургундардын бири көргөн.
Болжолдуу ыкчам маалыматтарга ылайык, жубайлардын ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын эки жолу бычак менен мойнуна сайып, уктап жаткан баласын муунтуп өлтүргөн. Андан өзү асынып өлгөн.
25-декабрда райондук прокуратура «Эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда.