• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Самат Курманкулов Москвада башка ооруканага которулду

13 Аяк оона 2019 12:27 Бишкек Govori.TV

Кой-Ташта жүргөн операция учурунда башына таш тийген Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан ошол эле шаардагы ден соолукту калыбына келтирүү жайларынын бирине которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

12-сентябрда Курманкулов реабилитациялык борборго жеткирилип, анын дарылануусу ошол жакта уланат. Милиционердин абалы жакшырып бара жатат. Бирок толугу менен калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалып, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Количество просмотров: 56