• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Санарип мектеп» долбоору «MegaCom» менен биргеликте ишке ашат

10 Бирдин айы 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Мегаком» компаниясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте мектептердеги билим берүү процессине көзөмөл кылуунун электрондук тутумун түзүүнү шарттаган стратегиялык кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. “Санарип мектеп” деп аталган бул долбоор ата-эне менен мектептин жана ошондой эле окуучунун ортосундагы мамилени бекемдейт.

Ал эми «Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкуловдун айтымында коммерциялык компаниялар бир гана каражат табуну көздөбөй элдин социалдык жашоосуна да аралашып туруу зарыл экенин билдирди.

Демилгеленип жаткан бул долбоор алгач пилоттук режимде Кыргызстандын аймагындагы 10 мектепке киргизилет. Жаманкулов кошумчалгандай долбоорду жакынкы арада толук ишке ашыруу пландалып жатат. Ал эми каржылык иш чаралары толугу менен «Мегакомдун» мойнуна жүктөлгөн.

Долбоор ишке кирсе ата-эне менен мугалимдердин жумушу кыйла жеңилдейт. Себеби, ата-эне өз баласы кандай билим алып жатканынан тарта, мектепке саат канчада келип кайра канчада кеткени тууралуу маалыматтарды алып, а түгүл мугалимдин да ишине көз сала алууга мумкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми долбоордун максаты өсүп, өнүгүп жаткан замандын талабына ылайык окуучуларга билим берүү болуп саналат.

Количество просмотров: 263