• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ширшовдун жан сакчысы болгон. Жаңы санариптик өнүктүрүү министри тууралуу эмне белгилүү?

19 Үчтүн айы 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттар санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды. 53 эл өкүлү «макул», 3 депутат «каршы» добуш берди.

36 жаштагы Талантбек Иманов Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда туулуп-өскөн. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2008-жылы «Дастан» заводунун коопсуздук кызматына жумушка кирип, эки жылга жакын иштеген. Кийин «Газпром Нефть Азия» ишканасында эмгектенген. 2011-жылдан тарта «Улан» ишканасынын директорунун орун басары, директорлугун аркалаган. Бул ишкана «Дастан» заводунун курамына кирет жана Ысык-Көлдөгү торпедаларды сыноо тармагында алектенет. «Уланды» башкаруу менен бирге Иманов «Дастан» заводунун өнүктүрүү боюнча директору катары да иштеген. Ал эми 2020-жылдын март айынан тарта “Дастан” компаниясын жетектеген.

 «Дастан» трансулуттук компаниясы 2021-жылдын 23-ноябрында «Рособоронэкспорт» менен аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол койгон учурдагы сүрөт

2020-жылкы парламенттик шайлоого Талантбек Иманов бийликчил делген «Биримдик» партиясынын алдыңкы сабында шайлоого катышкан.

Талапкер партиянын шайлоо фондуна1.5 млн сом каражат которгон.

Имановдун 2010-жылга чейин Кыргызстандагы энергетиканы калчап келди деген Алексей Ширшов менен жакындыгы тууралуу маалымат каражаттарында бир канча жолу жазылган. Маалыматтарга караганда, Талантбек Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 

18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Иманов Талант Орускуловичтин талапкерлигин карап, колдогон.

6-январда президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу.

Количество просмотров: 752