• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды

17 Чын куран 2023 15:51 Бишкек Govori.TV

Санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндөгү козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманын иши аныкталып бөгөт коюлду.

А.Л.О. аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү аныкталды.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга жана продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталды.

Ошондой эле, аталган Департаменттин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө начар экенин, А.Л.О. иш жүзүндө жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгилей кетүү керек.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги тарабынан жасалган мындай аракеттер өлкөнүн калкынын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирип, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун бузат.

Бул кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалып Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учура коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маалымдама: санитардык-эпидемиологиялык корутунду-бул колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.

Количество просмотров: 67