• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Санкт-Петербургда Кыргызстандык кишинин жансыз денеси унаадан табылды

18 Теке 2019 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында унаадан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаанын ичинен 6-июль күнү белгисиз жарандын денеси табылган. Ал эми маркумдун денесин кароо учурунда жана тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен кыйноо белгилери табылган эмес.

Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган Т. И. аттуу тургуну экени аныкталган. Тиешелүү документтер даярдалган соң «Жүк 200» менен Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөнү айтылган.

Количество просмотров: 28