Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев шайлоодогу аялдардын квота маселесин кароо керек деген пикирин айтты.
Жыйында депутат Исхак Масалиев аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда ишкердикте «эркектердин» жана «аялдардын» деген түшүнүктөр болбошу керек экенин айткан.
Кесиптешинин бул пикирин улаган Шакиев: «Биз бардык жерде гендер, гендер дейбиз, артыкчылыктарды беребиз. А шайлоого келгенде гендер иштебей калат. Шайлоодо да караш керек гендер маселесин. Квота маселесин карашыбыз керек. Баардык жакта тең, кээде ашып кетет да шайлоого келгенде эле түшүп калышат, «биз алсызбыз, бизге орун беришиңер керек» деп. А башка учурда тең, эркектерден укук, орун талашат», — дейт спикер.