• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сапар Исаков №27 түзөтүү колониясына которулганы айтылды

24 Аяк оона 2020 15:24 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганын 24-сентябрда анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу котруунун себебин билберин жана чоо-жайын билиш үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганын айтат.

Эске салсак, 2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келатат.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

Исаков алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анан №1 тергөө абагына, №8 түзөтүү колониясына которулган.

Количество просмотров: 81