• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сапарбаева: Чечендик өнөр боюнча билим алгым келет

11 Бештин айы 202210:13 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Асел Сапарбаева, ал 40 жашта Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылынан келген.

«Мен мектепте англис тилинен 19 жылдан мугалим болуп иштейм. Мындан тышкары айылдык кеңештин депутаты, тренер жана бир катар чет элдик долбоорлорду ишке ашырып келем. Ата-энелерге  билим берүү жаатында окууларды уюштуруп келем. Ал эми бул тренингге жаңы нерселерди үйрөнүүгө, эл алдында сүйлөөгө, башка айймактардан келген айымдар менен таанышууга, тажырыйба алмашууга келдим», — дейт ал.

Количество просмотров: 130