• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сапаргүл Абдинабиева: Мынчалык кунарсыз күндөргө алгачкы ирет кабылышым

2 Тогуздун айы 2018 9:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева 1-октябрда маркум жолдошун жоктоп, каңырыкты түтөткөн алгачкы постун Facеbook баракчасына жарыялады. Ал күйүттөн улам, көптөн бери соц. тармактагы баракчасына кире элек болчу.
“Жашоо сапары мынча эрте бүтөрүн күнү-түнү жанында жүргөн мен да аңдабай калдым. Ичтеги күйүттү сүрөттөөгө эч бир сөздүн кудурети жетпейт. Ичибиз эңшерилип, жашообуз заматта астын-үстүн болуп кеткенин айтпасам деле туюп жатсаңыздар керек. Кантели… Башка арга да, амал да жок. Атам, апам, жакындары бири-бирибизди сооротуп отуруп калдык. Жашоодо көп эле кыйынчылык көрдүм, бирок, мынчалык кунарсыз күндөргө алгачкы жолу кабылышым. Дагы эле үмүтүм үзүлбөй, “Каражан, сени ким капа кылды?” деп адатынча шашып кирип келчүдөй сезилет. Ошондой болсо кана? Же сүрөттөгүдөй мени да ээрчите кеткендечи? Айтор, ушунчалык түйшүктүү суроолор көп… «Бизди оор күндө колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын деп айткым келбейт, анткени ажал барыбир башка салат. Барыбир эртеби, кечпи каратып туруп жакындарыбызды колдон жулуп кетет. Жашоо мыйзамынан баш тарта албайт турбайбызбы биз алсыз. Андыктан, Улан айткандай, көзү өткөндө гана мактабай, тирүүлүктө сыйлашып, жакшы сөзүбүздү, жылуу мамилебизди бири-биризден аябасак. Жалгыз айтарым ушул» — деп жазган Абдинабиева.
Эскерте кетсек, Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл учурда кош бойлуу. Көпчүлүгү анын эсен-аман көз жарып, элге сүйүнчүлөөсүн күтүп жатышат.
Количество просмотров: 50