• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сарайдагы атты уурдап, базарга сатып жиберген шектүү кармалды

12 Жалган куран 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Т.М. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 7-мартка караган түнү белгисиз бирөө сарайда байланып турган атын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун 19 жаштагы жашоочусу Г.С. кармалган. Териштирүү учурунда шектүү уурдалган атты базарда сатып жибергени маалым болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 121