• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сариев: Садыр Жапаров элден мыйзамдуулукту талап кылганы менен өзү сактаган жок

8 Тогуздун айы 2020 12:39 Бишкек Govori.TV

Сариев: Садыр Жапаров элден мыйзамдуулукту талап кылганы менен өзү сактаган жок. Бул тууралуу Govori.TVнын «Ачык айт» программасында БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров мыйзамсыз жоруктар менен мыйзамдуулукту талап кылып жатат.

«Мыйзамды сактоо жарым-жартылай болбойт. Мыйзамды сактайм десе ага мамлекет башчы кол коюшу керек. Ушул меселелерди чечмейин бул өкмөт легитимдүү болуп эсептелбейт. Жапаровдун кайрылып жатканын уктум, «кайсы бир мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтан кетип калса орун басарлары иштесин» деп жатат. Башкалардан ушундайды талап кылып жатып, өзү эмнеге башка жолго барып жатат? деген суроо туулат. Өкмөт башчынын орун басары милдетти аткарып турсун деш керек болчу»,-деди Сариев.

Количество просмотров: 1255