Абакта жаткан аткаминерлерди эки саатта актап, чоң кызмат бериш адатка айланды. Мындай пикирди БШКнын төрагасы Govori.TVнын «Ачык айт» программасында билдирди.
«Төңкөрүш кандай адатка айланса, биздин абактагы аткаминерлерди бошотуп, бийлик карматыш жаман өнөкөткө айланды. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. 2005-жылы Куловду чыгарып, өкмөт башчы кылдык. 2010-жылы Исмаил Исаковду чыгардык. Өкүнүчтүүсү биздин соттор 2 саатта актап жибергени болуп жатат. Соттор ушундай ишке барганы үчүн алардын өздөрүн жоопко тартыш керек. Бирөөнүн тагдырын оңдойм деп өзүнүн тагдырын кылтакка салып жаткан соттор болуп жатпайбы»,-деди Сариев.