• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жыпаргүл Сариева, Улан Эгизбаевдин апасы: Атасы Уланга “Балам, биринчи мени жерге бер»,- дечү

7 Жетинин айы 2018 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.11.2018.Govori.TV

Журналистика коомго керектүү негизиги кесип. Ал өжөрлүктү,тайманбастыкты, терең билимди жана тажрыйбаны талап кылат. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”,-деп айтылгандай, биз көзү өтүп кеткен чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесин эске салабыз. Анын апасы Жыпаргүл Сариева Улан Эгизбаевди балага окшоп ойнобогонун,элден башкача эмгекчил болгонун эскерет.

 

— Улан баладан башкача, бөтөнчө бала болгонун эми ойлоп отурам. Бизге камкордук кылып, там салып берип кетти. Тамды дагы шашылып салды. Көрсө бизди жакшы жашасын,элден кем болбосун деген окшойт. Бизге бөтөнчө камкор болчу.
Акыркы жолу келгенде короодогу чөптү өз колу менен чаап, өзү жыйнап кеткен. Келген сайын кылган ишине жардам берип, такай жандап жүрөөр элем. Жасаган сюжеттерин көрүп жүрөк титиреп, коркуп отурчубуз. Атасы дайыма “Балам, биринчи мени кой, мени коюп сөөгүмдүн башында тур андан кийин каалаганыңдай сүйлөп, каалаганыңдай материалдыңды жасай бер”,- дечү. Антип айтса күлүп кутулуп кетчү. Кээде “Силерге ошол эле керек!”,- деп өзүбүздү коркутуп салчу. “Жакшыны ойлобойсуңарбы, жакшыны ойлосоңор жакшы болот да”,- деп калаар эле.
Биз “Кантип жакшыны ойлойбуз балам, эл деген азыр кыйын канча кишинини жеп-ичкенин чыгарып атасың, ошол кишилердин ичи ооруйт. Бала-бакырасы барлар балдарын кооруйт. Анын не кереги бар?.. Не азап сага! Кыргызстанды сен жалгыз оңдой албайсың балам!”, – деп кан жутуп какшачубуз. Ал “Кыргызстан кичинекей эле мамлекет, Бишкек болсо бир чоң кыштак”, -деп койчу.
Мен “Айланайын кайдагы чоң кыштак! Биз бишкектин ичинде адашабыз, коркобуз”, — дечүмүн. Балам Американын төрт-беш штатында болуп келген. Европаны бүт кыдырды. Ошонун баарын көрүп, биздин өлкө үчүн жүрөгү ооруган окшойт. “Кичнекей эле мамлекет, оңдосо бат эле болот”, — дечү. Акыркы жолу “2020-жылы депутаттыкка барам, демилге көтөрүп топ түзүп жатабыз. Биз эч бир партияга кошулбайбыз”,- деди. Анан биз “Ой кокуй, сени ким колдоп, ким коштомок эле. Азыр кишинин бары эки жүздүү, бетиңе бирди айтып, артыңан сени сатып кетет! Колдобойт! Бөөдө уят болосуң балам,чыкпай эле кой! Барбай эле кой ага!”,- дедик. Атасы экөө акыркы жолу чай үстүндө ушинтип кобурашкан болчу. Ал адатынча унчукпай күлүп койду. Максаты кыргызстанды оңдоо болчу да. Жеп-ичкендердин жегенин желим,ичкенин ирим кылып, барына көзү жетип кара жанын карч ура берчү. Жасаган сюжеттеринин бүтөөрүн күтүп ,сааттын секунддарын санап олтурчубуз. Ошол 30 мүнөттүк убакыт ылдам өтүп кетсе экен деп тиленчүбүз.
Биз эле эмес, тууган-урук,тели-теңтуштарыбыз деле айтчу.”Ой Уланды кой десеңер боло! Такыр коркпойт! Биздин төбө-чачыбызды тик тургузган каяктагыларды алып чыгып жатат”,- дешип кобурашып калышчу. Куда-сөөк, урук-чурук, тели-теңтуш баары айтышчу. Атасы ушинтип айтсам кичине сестенээр бекен деп, “Мени биринчи кой, анан каалаганыңды жаса!”,- деп келген сайын кулагына куйчу да. “Сен бирдеме болсоң, мени ким коет. Мен да жалгызмын, сен да жалгызсың”,-дечү атасы.
— Темир жол боюнча Ногойбаев менен сүйлөшкөнүн көрүп, атасы кабатыр болгон эле. Ал “Карачы Уланды алдыгы жерден эле жегени турат”,– деген. Улан келгенде ага “Сен киттер менен сүзүп жатасың! Алар сени куйругу менен чаап коюшат. Сени джипп менен сүздүрүп, атып кетип жүрбөсүн”, – деди. Бирок  акыры көлгө барып, көлдөн сүзүп кетерин ойлобоптурбуз. Ал жакка барганын дагы бизге айтпады да. Бир арманым ушул болуп калды. Басса-турса кудайга жалынып, “Ушул жалгыз балам аман барып, аман келсе экен”,- деп тиленчүмүн.
Ушул көлгө барарын эмнегедир айткан жок да. Ошол убакта эки жолу сүйлөшүптүрмүн. Ошондо дагы көл тууралуу ооз ачпаган экен. Сары-санаа болбосун деген го. Келинчегинин боюнда болсо, көлгө барбагыла деп айтмакмын да. Тели-теңтуштары, жоро- жолдоштору менен барса дагы мейли эле. Экөө бара турганын билген жокмун да.
Балага окшоп ойногондо дагы арман кылбайт элем. Жаныбызда килейген чоң стадион бар. Стадиондо балдар футбол ойноп жатса, Улан алардын жанында кирпич куюп, короо тосуп, дубал уруп ойногон балдарды бир карап койбой иштечү. Жанына жарма алып барып “Улан, тиги балдар менен барып бир аз ойноп келсең боло”,- десем күлүп коюп,ишин улай берчү. Баладай болуп ойногон дагы жок да аттиң!

Количество просмотров: 33