• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан жаран бир айга камакка алынды

16 Баш оона 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы А.А. аттуу жарандын бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, А.А. Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында бир ай камакта болот.

Буга чейин А.А. 13-август күнү бул жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Эске салсак, 2-августта Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда А.А. мас абалында кызматкерди агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылып, калькулятор менен башка чапкан. Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренеге («Бейбаштык) өзгөртүлгөн. УКМК аталган жаранга эскертүү берген.

Количество просмотров: 122