• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сатыгул кызынын артынан сая түшкөн эч ким жок

11 Үчтүн айы 2019 12:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы, жактоочу Нурбек Токтакуновдун арызы боюнча 2017-жылдагы Президенттик шайлоодо мыйзамсыз иштетилди делген “кара касса” боюнча териштирүү иштерин аяктады. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлады.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынан президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынынын каржы маселеси боюнча жооптуу кызматкери Надира Сатыгул кызынын өмүрүнө коркунуч жаралганына байланыштуу качып кетти деген пикирин айткан.

Бул боюнча  президент Сооронбай Жээнбеков дагы үн катып, өз оюн билдиргени белгилүү.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызына убактылуу өлкөдөн чыгып кетүүнү экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

«Икрамжан Илмияновду кармап кетишкенден кийин ушундай сунуш айтылган. Аңдуу, шектүү телефон чалуу болгондо ал Алмазбек Атамбаевге айткан. Ошол учурда «коопсуздугуң үчүн азыр өлкөдөн чыгып тур» деп сунуш кылган»,-дейт Жолдубаева.

Надира Сатыгул кызы учурда чет өлкөдө экендиги, тергөө иштери ал келгенде улана тургандыгын белгиледи, бирок анын качан келе турганы белгисиз.

Количество просмотров: 34