Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.
Сауд Арабияга көчмөндөр оюндарын көрсөтүү үчүн барган цирк артисти Асланайым Аширова аттан жыгылып бутунан жаракат алган. Ага эң мыкты деңгээлде медициналык кам көрүлүп жатканын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирген.
Бирок, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фестивалды уюштуруу иштерине эч кандай тиешеси жок, себеби фестивалдын катышуучулардын медициналык камсыздоосу, жайгаштыруу сыяктуу жана башка маселелерин уюштуруучулар өз мойнуна алышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы Govori.TVга билдирген.
Маалыматка ылайык, Арабияда өтүп жаткан эл аралык Сamel Fest этнофестивалынын уюштуруучусу катары дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы эсептелинет.
Этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстан менен Түркиянын демилгеси боюнча түзүлүп, өзүнө элдик, салттуу жана Евразия мамлекеттеринин улуттук спорт оюндары боюнча федерацияларын камтыйт.