• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Саясат талдоочу: Курултай бийликти көзөмөлдөгөн орган болуш керек

15 Бештин айы 2023 13:51 Бишкек Govori.TV

Курултай бийликти көзөмөлдөгөн орган болуш керек. Бул тууралуу саясат талдоочу Табылды Акеров билдирди.

«Курултай маселеси 30 жылдан бери айтылып отуруп, бүгүн биринчи мыйзамдуу чакырылып жатат. Ошол себептүү кандай кемчиликтер жана артыкчылыктар болуп жатат ачык айтуу керек. Президентке акыл айтып, кошумча жолдорду көрсөтүү менен көмөк кылган орган болуш керек»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Элдик курултай өтүүдө. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан чакырылган делегаттардан сырткары президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Количество просмотров: 87