Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттарга маалымат берди.
«Бул кылмыш иши боюнча бүт тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында жүрүп жатат. Алардын үйүнүн тинтилиши жана кармалышынын мыйзамдуулугу прокуратура, тергөө судьясы тарабынан каралып чыгып, биздин бардык тергөө аракеттерибиз мыйзамдуу деп табылган» , — деди министрдин орун басары.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.
25-октябрга караган түнү соттун чечими менен саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, 20-декабрга чейин камалды. Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта болот.