Мунарбек Сейитбек уулуна сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти — КР Улуттук олимпиада комитетинин президентинин кеңешчиси Умбеталы Кыдыралиев катышты.
КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун өтүнүчү менен тапшырганы менен Оюндарды уюштуруу комитети сыйлыктарды тапшырууга Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү гана катыша турган эрежеден четтеп кетти.

Бул ошондой эле Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу кыргызстандык мушкер медалга ээ болгонуна байланыштуу болду.
Эске сала кетсек, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган. 57 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште кыргызстандык дүйнө чемпиону өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, үч раунддун жыйынтыгында өзбекстандык оюнчу 3:0 эсебинде жеңишке жетти.
Ошентип, Халоков алтын, Сейитбек уулу күмүш медалдын ээси болду.

Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи болуп Олимпиада медалын жеңип алды. 2019-жылы ал биринчи эркектер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун байге ээси болуп тарыхта калды.
Социалдык тармактак Умбеталы Кыдыралиев барганча тренери барса, Мунарбек алтын алмак. Пайдасы жок адамдар неге барып алат деген сындар айтылууда.