• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам чыкты

15 Теке 20249:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Белгилей кетсек, жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кече, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыз Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.

Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 97