• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Шаардык сот Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча чечим чыгарды

4 Аяк оона 2023 15:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун Kaktus.media сайтына каршы арызын карады.

Эске салсак, доо арыз 2023-жылы кышында козголгон. Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылууга «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала себеп болгон. Жалпысынан доо 50 миллион сомду түзгөн. Алардын ичинен басылма журналист Дили Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом талап кылган. Калган 25 миллион сомду «Вечерний Бишкек» Kaktus.mediaдан талап кылган.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Сайдылдаева «Вечерний Бишкектин» доосун жарым-жартылай канааттандырып, банкроттук позициясы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт деп тапкан. Мындан тышкары сот моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн журналист Диля Юсуповадан 500 миң сом, «Про Медиа плюс» компаниясынан 500 миң сом, ошондой эле 700 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

Чечимге тараптар макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануулар менен кайрылышкан.

Бул жолку отурумда «Вечерний Бишкектин» директору Жайылкадыр Жумабеков айыпталуучу тарап өз ишин сотто далилдеши керектигин, бирок ал далилдебеши керектигин билдирди.

Айыпталуучулардын жактоочусу төмөнкү инстанциянын чечимине макул эместигин эске салды.

«Юридикалык тарапка моралдык зыян келтирилиши мүмкүн эмес экенин эскертем. Гезит дагы деле чыга элек, карыздары да бар. Доогер андай эместигин далилдей алган жок. Доо канааттандыруусуз калтырылышы керек деп эсептейбиз», — деди жактоочу.

Андан кийин сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Судья Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Айнура Маматалиева, Дамир Молоев, Акматали Алибаевдин атынан Биринчи Май сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылганын айтты.

Чечимге 3 айдын ичинде даттанса болот.

Булак: Kaktus.media

Количество просмотров: 95