• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шаардык сот Канат Исаевди камакта калтырды

10 Жетинин айы 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Канат Исаевдин тарапташтары бүгүн, 10-ноябрда Бишкек административдик сотунун алдына чогулушту. Алар соттун акыйкат чечим чыгарышын талап кылышууда.

Ушул тапта шаардык сот Канат Исаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун жана баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтырды.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы мурдагы депутат Канат Исаевдин кармалышы тууралуу маалымат тараткан.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 23-октябрындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн айыпталуучу И.К.К.га карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.

«2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучу И.К.К.га карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 110