• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды камакта калтырды

20 Теке 2023 16:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кармалган бир нече адамдын бөгөт чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Сотко активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Темир Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов алынып келинди.


Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист өткөн жылдын октябрь айында кармалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларга бийликти басып алууга аракет кылган деген айып койгон.

Количество просмотров: 128