• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Next TVнын иши: Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

25 Чын куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык соту Next TV телеканалынын иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин райондук сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматын экстремисттик деп таап, телеканалдын ишин Кыргызстандын аймагында токтотуу жана продукцияларын өлкө аймагындагы башка каналдарда, ЖМК жана интернет-ресурстарында жайылтууга тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн канаттандырган эмес.

Башкы прокуратура 22-мартта сот жыйындарынын биринде телеканалдын өлкө аймагында обого чыгуусун токтотууну суранган.

3-март күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Next TV телеканалын эфирден өчүрүп, анын жетекчиси Таалай Дүйшембиевди «улут аралык кастыкты козутту» деген шек менен камакка алган. Буга каналдын социалдык түйүндө тараткан маалыматы негиз болгон. Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылганын жүйө келтирген.

Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат бере элек.

Количество просмотров: 69