• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык сот Ниязовду абакта калтырды

8 Кулжа 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовдун камакка алуу түрүндөгү Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырылды.

Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды жактоочу Замир Жоошев берген.

Арыз бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык сотунда каралып, соттук отурумда судьянын чечими менен журналисттерге сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынды.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, айып тагылгандардын арасынан Атамбаев менен Ниязов эле учурда абакта олтурат.

Эске салсак, Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылы 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Ал “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Количество просмотров: 104