• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сот Сапар Исаковду 18 жылга кесүү чечимин күчүндө калтырды

20 Баш оона 202014:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту  Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча аплеляциялык арызды аралыктан карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Маалыматка ылайык, айыпталып жаткандардын апелляциялык арызы 18-августта аралыктан карала баштаган. Чечим бүгүн, 20-августта кабыл алынган.

Сапар Исаков  өткөн отурумда сөз сүйлөп, анда өзүнө жана Мира Карыбаевага коюлган айыптарды ойдон чыгарылып, токулган деп четке какты.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда коррупцияга шектелип камакка алынган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 9-июнь күнү Биринчи май райондук соту Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде  18 жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 413