• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шаардык сот Жумабек Турдалиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

1 Бирдин айы 2024 15:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык соту  “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Турдалиев журналисттерге учкай комментарий берип, “Темиров LIVE” редакциясында 2022-жылы  3 ай гана стажёр болуп иштегенин билдирди.

«Кармалган күнү суракта 10 сааттан ашык болдук. Башында күбө катары алып келишкен. Бийликти басып алууга чакырык жасаган деген айып менен макул эмесмин. 13 күн убактылуу кармоочу жайда болдук, 1 жолу суракка бардым», — деди ал.

Ал эми адвокат Нурсултан Жаныбеков сот отурумда сот аткаруучулар журналисттердин ишмердүүлүгүнө токскоолдук жаратып жатышканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Отурумду видеого тарттырбай, журналисттерди сот залынан чыгарып салуу мыйзамсыз. Себеби Баш мыйзамдын 94-95-96-беренелеринде сот бийлиги жөнүндө жоболор так көрсөтүлгөн. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Курамаевич дагы дайыма «журналисттер менен тыгыз байланышта иштегиле» айтып жүрөт. Тилекке каршы өзүңүздөр күбө болдуңуздар тарттырбай, уруксат бербей, жулмалап… Жактоочулардын ишмердүүлүгүнө гана эмес, журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу болуп эсептелет»,-деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 86