• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шаардык сотто 8 журналисттин бөгөт чарасы каралат

27 Жалган куран 2024 13:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык сотунда жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы каралат.

Учурда 8 журналист шаардык сотко жеткирилди.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 65