• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сотто Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат

2 Бирдин айы 202210:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул  тууралуу «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, отурум саат 14:00дө башталат.

Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 2021-жылдын 6-майда кармалган. Молдокматовго 2020- жылдын октябрь окуяларында «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, «октябрь окуяларында башаламандык уюштурган» деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 186