• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шаардык сотто Сариевдин баш коргоо чарасы каралган жок

24 Баш оона 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын кароону эртеңкиге калтырды.

Соттун имаратынын алдына Сариевдин тарапташтары чогулуп, анын боштондугун талап кылышты. Алардын арасында мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Бакирдин Субанбековдор бар.

«Темир Сариевдин Кумтөр боюнча ишинде саясий өңүт бар экени ачык эле билинип калды. Аны үй камагына чыгарса туура болмок. Себеби өлкөдөн качып же тергөөгө басым жасашы мүмкүн эмес»,-деди Исаков.

Эске салсак, Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 3-августта кармалган. Ага “Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Количество просмотров: 190