• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардын жолу үчүн короосун берген Ырысбек Атажановго премьер-министр Абулгазиев өздүк алтын саатын белек кылды

19 Аяк оона 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Шаардын жолу үчүн короосун берген Ырысбек Атажановго премьер-министр Мухаммед Абулгазиевдин колунан өздүк алтын саатын белекке алды.

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

Жакында пайдаланууга берилген Бишкектин Л.Толстой көчөсүнүн Садыгалиев жана Алыкулов көчөлөрүнүн ортосундагы жол тилкеси  Ырысбек Атажановдун үйүнүн короосу турган жерден кеңейтилип, асфальт төшөлүшү керек болгон.
Ырысбек “Шаардын жолу үчүн короом керек болсо акысыз берем. Мекениме пайда келтирүүгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн качпайм”, — деп менчигинде турган 11 сотых жерди шаардык муниципалитетке бекер берген.
Учурда Атажановдун үй-бүлөсү  короосу кемиген үйдө жашап турат. Ал алма, кара өрүк, алмурут, өрүктүн орду үчүн өкүнмөк турсун, тескерисинче, жолдогу тыгын азайып, жаркыраган асфальт төшөлгөнүнө кубанганын айтууда.
Бүгүн болсо мекенчил инсан, Кадамжай Коомунун «Ордо кеңешинин» мүчөсү Ырысбек Атажанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абулгазиевдин колунан өздүк алтын саатты белекке алды. Ырысбектин бул кылган кадамы мекенчилдик менен бершендиктин үлгүсү  болуп калды!

На данном изображении может находиться: 6 человек, люди стоят, костюм и на улице

Количество просмотров: 14