• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлдабекова: Кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн

16 Тогуздун айы 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 16-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Жогорку Кеңештеги кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек. Кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Мунун баары конституцияда жазылган», — деди Шайлдабекова.

Мындан сырткары, ал конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын кошумчалады.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор нааразычылык акциясына чыгышкан. 5-октябрда башталган митинг башаламандыкка айланып, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырды. Ал эми мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.

Количество просмотров: 174