Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн штабды вице-премьер-министр Максат Мамытканов менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.
«Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча штаб түзүлүп, ага жетекчи болуп мен дайындалгам. Шайлдабекова мага тең төрага болду. Нуржан Кармабековна экөөбүз штабды жетектейбиз. Бул аракет шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн көрүлдү»,-деди ал.