• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шайлдабекова: Президенттик шайлоо 17-январда өткөрүлүшү мүмкүн

16 Тогуздун айы 202018:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн БШКнын кезексиз жыйыны болду. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстанда президенттик шайлоо болжолдуу түрдө 2021-жылдын 17-январында өткөрүлүшү мүмкүн экенидигин билдирди.

«Кайрадан парламенттик шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. 10 күндө жыйынтыгы чыгып, жаңы жылга чейин Жогорку Кеңеш түзүлүүсү керек. Андан соң президенттик шайлоо өтүүсү зарыл», — деди ал.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор нааразычылык акциясына чыгышкан. 5-октябрда башталган митинг башаламандыкка айланып, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырды. Ал эми мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.

Количество просмотров: 77