• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлдабекова: Шайлоого 600 миллион сомдон ашыгыраак каражат коротулат

8 Аяк оона 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Алдыдагы парламенттик шайлоодо 600 миллион сомдон ашыгыраак каражат коротулат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында бул сумма алдын-ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгында келип чыккан.

«Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражаты кетери эсептелинди. Бул цифра өзгөрүшү мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам бериши күтүлүүдө», — деди төрайым.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-ноябрга белгиленген.

Количество просмотров: 120