• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Шайлоо-2020: Бабанов, Сулайманов жана башка лидерлер кандай добуш беришти? (сүрөт)

4 Тогуздун айы 202016:54 Бишкек Govori.TV

«Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев добуш берүүгө келди.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин имаратында жайгашкан шайлоо участогунда добуш берди. Ал шайлоого эки уулу менен келген. Анын бири шайлоого катышууга жаш курагы жете элек.

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоодо добуш берүү үчүн бүгүн эртең менен Ош шаарынан Бишкекке учуп келди. 

Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназияда жайгашкан №1214 шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын тизмесине кошулган. Ал бүгүн аталган шайлоо тилкесине барды. Бирок паспортун унутуп калган. Бир аз убакыттан кийин анын паспортун алып келип беришти. Бул шайлоо тилкесинде Ө.Текебаевдин үй-бүлөсү да добуш берди.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы №70 мектепте жайгашкан №1216 шайлоо участогунда добуш берди. Бабанов шайлоого жубайы Рита Бабанова жана уулу Нурэмир менен келген.

«Ата Мекен» партиясынын сап башында шайлоого бара жаткан Жанар Акаев жаш балдарын жетелеп келип, өз добушун берди.

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Асанбеков Темирбек да жарандык милдетин аткарып өз добушун берди.

Количество просмотров: 76