Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” №139 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескемеси менен прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого Башкы прокуратуранын Штабы түзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген.
«Азыркы учурда, прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле административдик жана жазык жоопкерчилик каралган мыйзамдарга ылайык алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз», — деп айтылат малыматта.