• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Шайлоо-2020: Кайсы партия канча каражат коротту? (Тизме)

19 Баш оона 202015:04 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 14-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 14-августуна карата 41 саясий партиясы БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.

Банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берлирген. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.

Ал эми жарыяланган маалыматта партиялардын эсебине ким канча каражат которгону жана партия азыркы күндө канча каражат короткону жазылган.

2020-жылдын 9-июлунан тартып 2020-жылдын 14-августуна карата мезгилде каражат келип түштү:

«Мекеним Кыргызстан» СП — жалпы суммасы 7735000 сом. Эң көп каражатты Джайчиева Гульбарчин Эр Турсуновна (4200000 сом) көтөргөн. Партиянын азыркы күндө чыгымдары 7554615 сомду түздү.

«Социал-Демократы» СП — жалпы суммасы 1 703 510 сом. Эң көп каражатты Сатыбеков Руслан Бейшенович, Усубалиева Азема Таалайбековна, Ботомбаев Руслан Эгембердиевичтер (200 020 сомдон) которушкан. Партиянын чыгымдары 1 679 140 сом.

Кыргызстандын жашылдар» СП — жалпы суммасы 200 сом. Которуучу Булекбаев Эркин Касымович. Чыгымы каттала элек.

«Бир Бол» мамлекетик биримдик жана патриотизм СП — жалпы суммасы 12 775 170 сом. Эң көп каражатты Арзымбаева Чынара Кыясовна (2 676 000 сом) которгон. Коротулган чыгым 5924459 сомду түздү.

«РЕСПУБЛИКА» СП — жалпы суммасы 1400000 сом. Келип түшүү булагынын баары бирдей каражат (200000 сом) которушкан. Партиянын чыгымдары 199563 сом.

Биримдик » Демократиялык СП — жалпы каражаттын суммасы 7200000 сом. Которуучулардын баардыгы бирдей суммадагы (200000 сом) каражат которушкан. Азыркы күндө чыгымы 1068305 сом.

«Чоң казат» СП — жалпы суммасы 2710914 сом. Эң көп каражатты (1000000 сом)  «Аруузат-Аял» Коомдук фонду которгон. Чыгымдары каттала элек.

«Мекенчил»СП — жалпы суммасы 11500 сом. Каражатты Тологонова Аида Бейшеналиевна которгон. Чыгымы 11170 сом.

«Ата-Мекен» СП — жалпы суммасы 3 849 750 сом. Ушул күнгө карата чыгымдары 450045 сомду түздү.

«Реформа» СП  жалпы келген каражаттын суммасы 2094025 сом. Коротулган чыгымдар 902 715 сомду түзөт.

«Кыргызстан» СП — жалпы каражаттын суммасы 37 000 000 сом. Эң көп каражатты Шамшидин уулу Разак (17 000 000 сом) которгон. Ушул күнгө чейинки коротулган каражат 22 880 221сомду түзгөн.

«ОРДО» СП — жалпы суммасы 950 000 сом. Чыгымдары 884 224 сомду түзгөн.

«Мекен Ынтымагы» СП — жалпы каражат 65 000 сом. Каражаттын баарын Бердикожоева Жазгул Сакуевна которгон. Чыгымдары 61160 сомду түздү.

«НУР» Либерал-Демократиялык  СП — каражаттын жалпы суммасы 23 340 сом. Аны Жекшенова Жазгул Турарбековна которгон. Чыгымдары 23340 сом.

«ЗАМАНДАШ» СП — жалпы келип түшкөн каражат 2 000 000 сом. Аны Бектурганова Алия Асановна которгон. Чыгымы каттала элек.

«Бүтүн Кыргызстан» СП — жалпы каражаттын суммасы 250 500 сом. Чыгымы каттала элек.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз.

Количество просмотров: 285