• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо менен өтөт

24 Аяк оона 2020 15:14 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу парламенттик шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Ага ылайык, бул иш-чаралар өткөрүлүүчү имараттар толук дезинфекцияланып, катышуучулардын аралыгы 1,5-2 метрден кем болбоого тийиш. Санитайзер, беткап жана медициналык мээлейлер сөзсүз түрдө болушу керек. Катышуучулардын дене табы өлчөнүп, колдонулуучу жана таратылуучу маалыматтар жазылган кагаздар, документтер толук дезинфекцияланышы зарыл. БШК өз кезегинде саламаттык сактоо министрлиги менен бирге шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрүү боюнча чара көрөт», — деди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 27