• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шайлоо өз мөөнөтүндө өтөбү? БШК менен Республикалык штаб шайлоо маселесин талкуулоодо

26 Кулжа 2020 12:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнда БШКнын курамы коронавируска каршы ыкчам штабдын өкүлдөрү менен чогуу Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоо маселесин талкуулап жатат.

Жыйынга биринчи-вице премьер министр Алмазбек Баатырбеков, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштаган БШКнын мүчөлөрү катышууда.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков күздө өтчү парламенттик шайлоо эпидемиологиялык абалдан көз каранды экенин айтты.

«Парламенттик шайлоону өткөрүү же жылдыруу боюнча так чечим кабыл алына элек. Бул эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Өзүңүздөр билгендей, соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүү жагында баратат. Эгерде президенттин жарлыгы чыкса шайлоо өткөрүүгө даярдыктар көрүлөт», — деди Баатырбеков.

Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова күзүндө коронавирус илдетинин жайылышы боюнча республикалык штабдын божомолдору анык эместигин айтып суроо салды.

«Коомчулукта шайлоонун өтүшү боюнча ар кандай талкуулар жүрүп, коронавирус илдети бар же жок деген сыяктуу пикирлер жайылууда. Кыргызстан боюнча ошондой эле ар бир аймакта коронавирус менен ооруган адамдардын саны канчага жеткенде шайлоо өткөрүү башка шайлоочуларды да оорутуп алуу коркунучун пайда кылат. Канткенде шайлоо өнөктүгүн улантуу элге коопсуз болушу мүмкүн? Дене табы жогору болгон жаран шайлоо участкасына келгенде, аларга өзүнчө добуш берүүгө шарт түзүү үчүн ар бир шайлоо участкасынын жанына атайын канаа ачуу мүмкүнчүлүгү барбы? Бул суроолорго эч ким так түшүндүрмө бере албайт. Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандардын статистикасы күн сайын көбөйүүдө, бул баарыбызды тынчсыздандырат. Коомчулук, партия мүчөлөрү жана региондордогу активисттер парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду токтотуп турса эмне болот?»,-деди ал.

Баатырбеков буга байланыштуу так маалымат жок экенин кошумчалады.

«Буга чейин дүйнө жүзү анын ичинде Кыргызстан мындай кырдаал менен бет келген эмес. Азыр Республикалык штаб илдетке чалдыккандарга кошумча орундуктарды даярдоо, ооруну жайылтпоо сыяктуу аракеттерди көрүп жатабыз. Вируска кабылгандар белгилүү бир санга жетсе шайлоо өтпөйт деп айта албайбыз», — деди Баатырбеков.

Белгилей кетсек, 26-июндан 6-июлга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышы тууралуу президенттин жарлыгы чыгышы керек. Конституцияга ылайык Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Количество просмотров: 143