• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте мектеп көйгөйлөрү чечилбей жатат. Мугалимдер Сеидбек Атамбаевге маселесин айтышты

30 Жалган куран 2023 9:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин депутаты Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Сакин Бекматова, Таш-Мойнок, Маевка, Стрельникова, Сүймөнкул Чокморов атындагы жалпы билим берүү орто мектептеринин абалы менен таанышып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жазды.

Жолугушууда ар тараптуу көйгөйлөр талкууланып, алардын ичинен мугалимдерге жана мектепке күнүмдүк керектелүүчү чарба буюмдар менен камсыздандыруу жана айлык акыны жогорулатуу маселеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, мектептердин тазалыгын камсыз кылган кызматкерлердин штаттык бирдиги кыскартылып, айлык акысы эң төмөн экени айтылып, бул маселенин оң жагына чечүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле атайын мугалимдер үчүн турак жай курулуштарынын жүрбөй жатканына токтолушуп, мамлекет мугалимдерди турак жай менен камсыздоо программасын ишке ашырса деген сунуш берилди.

Количество просмотров: 148