• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Шайлоодо журналисттерге кол салуу болду

4 Тогуздун айы 2020 17:17 Бишкек Govori.TV

Ошто шайлоо күнү «Клооптун» операторуна кол салуу болду. Бул тууралуу аталган басылма жазды.

Маалыматка караганда, шаардагы №5316 шайлоо участогунда «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго белгисиз бирөөлөр кол салып, ал түз эфирге чыгып жаткан учурда телефонун тартып алышкан.

Журналисттердин айтымында, окуяга күбө болгон милиционерлер оператор сабалып жатканда эч кандай чара көрүшкөн эмес.

«Телефонду алып, мени уруп салышты. Спорттук дене түзүлүштөгү кишилер, мен аларды билбеймин. Биринчи телефонду тартып алды, телефонду кайтарышты», — деп билдирген Узаков.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Ал жерге ыкчам тергөө тобу барды. Телефонун алып койгон бала журналист чагым кылганын айтып, «Өзүн тааныштырбай тарта баштады. Ал журналист экенин билбестен телефонун алып койгом, кайра кайтарып бердим» деп түшүндүрдү. Урган жокмун деп айтты»,-деген Сыдыков.

Ошол эле учурда Талас облусундагы шайлоону чагылдырып жаткан «Азаттыктын» кабарчысынын берген суроосуна жооп бербей, агресивдүү маанайда камераны түртүп салган.

Количество просмотров: 200