• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шайлоого аттанган саясий кызматтагы аткаминерлер кызматынан кетиши керек

8 Аяк оона 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Шайлоого аттанган саясий же муниципалдык кызматты ээлеген адам кызматын тапшыруусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал өз сөзүндө шайлоо эрежелери жана талаптарын тизмектеди.

«Бул шайлоодо жаңы тартип менен аралаш системада өтөт. Мында бир мандаттуу жана ачык тизмелер менен талапкерлер шайланат. 18-октябрга чейин талапкерлер документтери тапшыруусу керек.
Талапкерлер бир учурда эки округ менен көрсөтүлүүгө укуктуу эмес. Алар партиянын аты менен көрсөтүлөт. Талапкерлердин 70 пайыздан көп эмеси мырзалар болсо, 30 пайыздан ашыгы айымдар болушу зарыл.

Алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтарагы саясий кызматтарды ээлеген аткаминерлер кызматынан кетиши керек. Мурда саясий кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеген жарандар ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышчу. Ал эми административдик кызматты ээлеген жарандар өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышат», — деди Шайлдабекова.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин болот.

Количество просмотров: 351