• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026
elections

Шайлоого байкоо салуу үчүн чет өлкөлөрдөн өкүлдөр келди

2 Тогуздун айы 202013:46 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү жараяндарына байкоо салуу үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына (КМШ ПАА), Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына (ЖККУ ПА) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алар шайлоого чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, талапкер партиялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, ири саясий иш-чараны уюштуруу маселелери менен таанышышат. Ошондой эле 4-октябрда бир катар шайлоо тилкелеринде болушуп, добуш берүү жараяндарына жеринде байкоо салышат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.

Количество просмотров: 53