• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 35ке жетти

7 Теке 2020 22:36 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирип 35 саясий партия кайрылды. Булардын басымдуу бөлүгү 7-июль күнү кайрылган.

Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары билдиришкен.

Боршайкомдун маалыматы боюнча парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл.

Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. 

Количество просмотров: 59