• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шайназаров: Шайлоо өнөктүгү учурунда түшкөн даттануулардын басымдуу бөлүгү талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу

10 Үчтүн айы 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) биргелешип түзгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу 61 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен эң көбү талапкер Садыр Жапаровго жана анын штабынын ишмердигине байланыштуу. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-январда маалымат жыйынында билдирди.

«Жалпы даттануулар — 61. Негизинен, моюнга алыш керек, даттануулардын басымдуу бөлүгү — талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу. Жалпысынан үгүт тууралуу мыйзамдарды бузганы, башка талапкерлердин тарапташтарын коркутуу фактылары боюнча. Учурда бул иштердин баары биздин ыкчам топ тарабынан текшерилип жатат», — деди ал.

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду үгүт өнөктүгүндө административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган учурлар катталганын, анын ичинен 12си далилденип, ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилгенин маалымдаган.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Количество просмотров: 196