• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шакиев 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады

21 Бирдин айы 2024 14:46 Бишкек Govori.TV

ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады.

«Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат», — деди Шакиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева абитуриенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо буйругу жөнүндө парламентте маалымат берди.

Анда министр абитуриенттерди кыргыз тилинен тест тапшырууну милдеттендирген буйругу жөнүндө түшүндүрмө берип, бул жогорку окуу жайларына өтүүдөгү сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбей турганын билдирди. Кендирбаева министрлик кыргыз тили боюнча баскыч-баскычы менен иш жүргүзөрүн кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Билим берүү министрлигин кыргыз тилин окутууда кескин чараларга барууга чакырып, тил боюнча тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайларына өтүүдө таасирин тийгизиши керектигин айтты.

Количество просмотров: 3183